Коом
ӨКМ: Баткенде турак жайлар жаңы курулушка даярдалууда. Сүрөт
Баткен облусунун аймагында Тажик тараптын кол салуусунан жабыркаган үйлөр жаңы курулушка даярдалууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, Баткен районунун Ак-Сай жана Лейлектин Кулунду, Жаңы-Жер айыл аймактарына караштуу айылдарда талкаланган үйлөрдү бузуп, тазалоо иштерине Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин облустук башкармалыктарынын, райондук бөлүмдөрдүн өздүк курамы тартылды.
“Учурда алар 2022-жылдын 26-сентябрынан тарта кыргыз-тажик куралдуу кагылышуусунан улам жашоого жараксыз болуп калган үйлөрдү бузуп, тазалап жатышат”, — деп айтылат маалыматта.