Орусияда аскер комиссариаттарына чакыруу кагаздары берилип жаткан маалда Белоруссияда Александр Лукашенко өлкөдө айыл чарба «мобилизациясын» өткөрүп, мектеп окуучуларын, студенттерди, жумушчуларды жана мамлекеттик кызматкерлерди талаага түшүм жыйноого жөнөтүүнү чечти.

“БелТА” агенттигинин маалыматына караганда, белорус лидери айыл чарба продукциясын эки эсеге көбөйтүүгө үмүттөнүп, аны “жакшы баада” сатууну пландап жатат.

«Баарын жакшы баада сатабыз. Башкача айтканда, базар ачылды, баалар жакшы. Ошондуктан айыл чарбасы боюнча такыр маселе болбошу керек», — деди Лукашенко.

Өзүнүн жүйөсүндө Белоруссиянын лидери мурдагы жылдардын тажрыйбасын жана ошол эле практика Советтер Союзунда кеңири колдонулуп келген мезгилдерди эстетти. Саясатчы “сөз” эмес, физикалык эмгек жаш муундарды тарбиялоодо эффективдүү элемент экенине ишенет.

«Баарын мобилизациялагыла! Адам 5-6 саат жумушка чыкса, ата-энесинин экөө тең сүйүнүп, баланын физикалык жактан даярдыгы жакшы болот. Баарыбыз, сен да… Мен, албетте, иштедик», — деп баса белгиледи Лукашенко.

Беларусь президенти кандай ата-эненин кубанычы жөнүндө айтып жатканын тактаган жок, бирок студенттерди, жумушчуларды, мамлекеттик кызматкерлерди жана башка адамдарды айыл чарба иштерине чакыруу менен түшүм жыйнап, татыктуу акча табууга үлгүрсө болорун белгиледи.

Лукашенко Белоруссия үчүн салттуу өсүмдүктөрдү: картошканы, кызылчаны, сабизди жана башкаларды жыйноого өзгөчө басым жасады. Бул продуктылар турукташтыруу фонддоруна киргизилет, ошондуктан алардын баасы экспоненциалдуу өспөйт.

«Быйыл жасала турган иштер дагы көп. Мен сиздерден бул ишке абдан олуттуу киришиңиздерди суранам — айыл чарба жылын татыктуу бүтүрүү үчүн», — деди Лукашенко.