Коом
Абанын күндүзгү температурасы
Кыргызгидромет билдиргендей, 6-октябрда күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош облусунун тоолуу райондорунда жаан жаап, бийик тоолуу райондордо кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.
Абанын күндүзгү температурасы:
Чүй облусунда +19…+24
Талас облусунда +16…+21
Баткен облусунда +21…+26
Ош, Жалал-Абад облустарында +21…+26
Ысык-Көл облусунда +12…+17
Нарын облусунда +13…+18
Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы күндүз +21…+23° болот.