Коом

Алмазбек Акматалиев: «Кампир-Рават эч жакка берилген жок»

Саясий серепчи, коомдук ишмер, Алмазбек Акматалиев учурда коомчулукта кызуу талкууга түшүп жаткан Кемир-Абад боюнча Президенттин кайрылуусу тууралуу пикирин жазды.

«Кампир Рават боюнча:

Президенттин Фейсбуктагы  посттунда дагы бир эң маанилүү нерсе айтылды: келишимде суу сактагычтын горизонту төмөндөп, анын негизинде суу сактагычтын жээгинде кошумча 1246 гектар жер аянты бошойт. Ал аянт толугу менен Кыргыз тарабына өтүп, ошол жерде жашаган кыргыз жарандарына үлүш катары бөлүнүп берилет экен! Тыянак: мындан ары да суу сактагычтын көлөмү азая берсе, бошогон аянттардын баары кыргыз тарабына кошула берет дегенди билдирет!

Башкача айтканда: суу астындагы жер да Кыргызстандыкы, жылдан жылга суу азайып, суу астындагы жерлер бошой берсе, ал жерлер Кыргызстандын жери деп таанылган, жогоруда айтылган 1246 гектардын уландысы болуп кете берет! Бул жакшы нерсе! Бул нерсе КампирРават эч жакка берилген жок, эч жакка кеткен жок, мурун деле Кыргызстанда болчу, бул келишимден соң деле Кыргызстандыкы болуп кала берет дегенди билдирет! Сууну бөлүштүрүү, тейлөө- бул башка нерсе. Аны биргелешкен, 50\50 принцибинде иштеген атайын суу чарба мекемеси түзүлгөнү калыптыр! 50-50 болсо анда 2 тараптын тең ишеними артат бири бирине! Суу калыстык менен бөлүнөт деген ишеним пайда болот!

Менимче, Өзбекстандын Кампир Рават маселеси боюнча жерлерди алып калалы деген максаты жокдой! Алар үчүн эң маанилүүсү: бул суу сактагычтан үзгүлтүксүз сугат суусун азыркы колдонуп келаткан жер тилкелерине алып туруу. Ошол үчүн алар да кандайдыр бир компромисске барууга даяр экен деген үмүтүм бар. Мындай иште ар дайым компромиссиз, бири бирин түшүнүү жана сыйлоосуз маселе чечилбейт! Так ошондой жолдобуз деп туралы.

Мен суу чарбасы боюнча адис эмесмин, Кампир Раваттын тегерегиндеги жер тилкелерин деле билбейм. Акыркы 2-3 күндүн ичиндеги талаш тартыштан соң ушундай вывод жасадым өзүм үчүн.Мүмкүн туура эмес түшүнүп аткандырмын. Жаңылып атсам, оңдоп-түзөп коёрсуңар”, — деп жазат.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button