Коом

Санарип министрлиги майыптыгы бар жарандарды IT-адистигине окутат

Санариптик өнүктүрүү министрлиги «Софтскилз» компаниясы менен биргеликте «IT-адиси бол» долбоорун баштап, майыптыгы бар адамдарды окутууга сынак жарыялады. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы кабарлады.

Аталган социалдык долбоорго катышууну каалаган майыптыгы бар адамдар «Эмнеге мен IT тармагына барууну каалайм жана ким болгум келет?» деген темада эссе жазып, [email protected] жана [email protected] почталарына жөнөтүшү шарт. Табыштамалар 15-октябрдын саат 18:00үнө чейин кабыл алынат.

Эссе жазууда өзгөчөлөнгөн катышуучуларга Skillbox университетинин онлайн курсунда окуу сертификаты тапшырылат. Ал жерден үчтөн 12 айга чейин окутулат. Андан соң министрлик IT багытындагы жумуштарды табууга жана стажировкадан өтүүгө көмөктөшөт.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button