Кыргызстандын тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев Европа Биримдигинин Борбордук Азия боюнча атайын өкүлү Тери Хакала менен жолугушту.

КР ТИМден кабарлашкандай, жолугушууда кыргыз-европа мамилелеринин абалы жана келечеги, анын ичинде бийик жана жогорку деңгээлдеги иш сапарларды жана бир катар аймактык иш-чараларды уюштуруу пландары талкууланды.

Мындан тышкары, эл аралык жана аймактык саясат жана коопсуздук маселелери каралды.

Министрдин биринчи орун басары атайын өкүлгө Тажикстан тараптын Кыргыстанга акыркы аскердик агрессиясы тууралуу маалымат берди. Ал Тажикстандын куралдуу кол салуусунун кесепеттери, анын ичинде көп сандаган курмандыктардын орун алгандыгы, 142 миңден ашык жарандардын чукул эвакуациялангандыгы, ошондой эле жарандык объектилерге жана инфраструктурага олуттуу материалдык зыян келтирилгендиги тууралуу кеңири маалымат берди. Көрсөтүлгөн гуманитардык жардам үчүн европалык тарапка ыраазычылык билдирип, Ниязалиев кыргыз тарап пикир келишпестиктерди саясий жана дипломатиялык сүйлөшүүлөр аркылуу тынчтык жолу менен жөнгө салууну көздөй турганын баса белгиледи.

Өз кезегинде Т. Хакала Кыргызстандын талаш маселелерди чечүүдө дипломатиялык ыкмаларды колдонушун, ошондой эле өлкөнүн аймактык кызматташтыкты өнүктүрүүгө болгон аракетин, анын ичинде 2022-жылдын 21-июлунда Чолпон-Ата шаарында болуп өткөн Борбордук Азия мамлекеттеринин башчыларынын Консультативдик жолугушуусун кубаттады.

Тараптар Кыргызстан менен Европа Биримдигинин ортосундагы өнөктөштүктү жана кызматташтыкты кеңейтүү максатында макулдашууларды ырааттуу ишке ашыруу ниетин ырасташты.