КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев тургундарды облустун түзүлгөн күнү менен куттуктап кайрылуу жолдоду.

Төмөндө облус башчысынын куттуктоосу:

Урматтуу Баткен облусунун эли!

Жалпыңыздарды бүгүнкү облусубуздун түзүлгөн күнү менен куттуктайм.

Мындан 23 жыл мурда, өлкө борборунан миң чакырым алыстыкта, чек арада жайгашкан, өзгөчө стратегиялык аймакты, облус кылып түзүү зарылчылыгы келип чыгып,  1999-жылы 13-октябрда Баткен облусу өзүнчө аймак, өлкөнүн жетинчи облусу болуп түзүлгөн.

Бул жылдар аралыгында Баткен облусу ар тараптуу өнүгүү жолуна түштү.

Мамлекет тарабынан өзгөчө көңүл бурулуп, чоң колдоолор болду.

Натыйжада жол, электр энергиясынан кошуна мамлекеттерге болгон көз карандысыздыктан арылдык.

Чек ара аймактарынын элинин жашоо шартын, инфраструктурасын жакшыртууда мамлекеттик программалар ишке ашууда.

Облуска өзгөчө макам берилип, анын алкагында бир катар социалдык женилдиктер каралды.

Баткен облусунун жол, суу, чек ара маселелери ар дайым мамлекеттин көңүл борборунда болуп, ири долбоорлор ишке ашып келүүдө.

Урматтуу облусубуздун тургундары!

Баткен облусу башынан бир топ кыйынчылыктарды өткөрдү. Бирок биз ынтымак, биримдик жолу менен гана жеңип чыгабыз.

Баткен облусунун өнүгүү мүмкүнчүлүктөрү абдан кенен, облус казылбаган кенге, жазылбаган тарыхка бай потенциалы зор аймак.

Айыл чарба, өнөр жай, соода сатык, ишкердик жана башка бардык тармактарда ийгиликтүү иш жүргүзүүгө мүмкүнчүлүктөр бар.

Аймакты өнүктүрүүдө бизге туруктуулук, ынтымак жана биримдик гана маанилүү. Баткен облусу – өлкөдөгү өнүккөн аймакка жетишээрине ишеничим чоң.

Баарыңыздарды дагы бир ирет майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктайм.

Өрүк зарлуу Баткенибиз гүлдөп өнүккөн аймакка айланат деп зор ишеним менен айта алам. Анткени аймакта, ынтымактуу, эмгекчил эли бар. Чыгаан уул кыздары, жаркын келечекке умтулган жаштары бар.

Облусубуздун түзүлгөн күнү кут болсун.

Асманыбыз ачык, келечегибиз кең болсун.»