Бүгүн Бишкекте “Азаттыктын” кеңсесинин алдына атайын митинг болуп өттү. Митингге чогулгандар “Азаттык”, Клооп, Кактус медиаларынын жабылышын талап кылышты. Митингчилердин айтымында  батыштан каржыланган бул маалымат булактары Кыргызстандагы болуп жаткан окуяларды бурмалап, чагымчылдыкка үндөшөт дейт. Митингдин катышуучусу  Ала Тоо айымдар коомдук фондунун төрайымы Жыпаргүл Баргыбаева жеке пикирин билдирди:

-Ковид апааты  элди бир топ чүнчүттү. Вирустун азыр деле жок болуп кеткен жери жок. Дүйнө тынч эмес.  Биздин бирге иштешкен, таянган чоң мамлекеттер согушуп  жатса бизди деле ойлондурбай, кооптондурбай койбойт да.

Биздин деле ишкерлик кылган мекендештерибиз Украинада, Орусияда жүрүшөт. Жок жерден каза болуп калып жатышат. Буга ким күнөөлүү дегенде эле  батышчыл ЖМКлардын аты угулат. Батыштын саясатын сүйлөгөн, сүрөгөн журналисттердин аты угулат. Илимбек Исраилов туура белгиледи. Биз батыштын чыккынчылары,  душмандык  кылат десе ишене албайбыз. Бирок алар кааласа бир түндө эле көп иштерди жасап коюшат. Төңкөрүш жана башка окуялар орун алганда алар»кеттик» деп чуу көтөргөндө эле айрым туура эмес түшүнгөндөр ээрчип кете беришет.

Мисалы, жогорку кеңештин депутаттарын карап көрөлүчү. Аларды мактап отуруп кимдерди алып келишти. Дүйнөдө болуп жаткан оор коопсуздуктар биздин да жүрөктү оорутат. Алыска барбайлы кечээ эле Казакстанда эмне болду?

Көп адамдар жок жерден  каза болду. ОДБКнын кириши менен ара токтотушту. Бул деле батыштын саясаты болуп калды.

Эми мен сөзүмдүн акырында Азаттыктын жабылышын талап кылам.

Мүмкүн болсо жазасын алып туруп кетишсин.  Биз кол жыйнап НАТОсуна да башкасына кайрылып жыйыштырып кетишин талап кылабыз, — деп билдирди.