Милиция Токмок шаарындагы мал базарда карыянын акчасын уурдагандарды издеп жатат. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, аталган факт Токмок шаардык ички иштер бөлүмүндө катталып, териштирүү иштери башталды.

«Учурда жогоруда көрсөтүлгөн карыянын акчасын уурдаган кылмышкерлерди таап, мыйзам чегинде чара көрүү боюнча иштер жүрүп жатат», — деп айтылат маалыматта.

Карыянын уулу Бакыт жергиликтүү агенттиктердин бирине, учурда атасынын абалы жакшы болбогондугун айтып, интервью берүүдөн баш тарткан.

«Ошол окуя болгондон кийин атам балама аш кылат элем деп кыйкырып жиберди. Ата өзүңүздү колго кармаңыз деп жанында тургам. Ошол жерден эл «атанын акчасын уурдап кетиптир» деп акча чогулта башташты. Акча жарым саатка жетпей чогулуп калды. Азыр атамдын абалы жакшы эмес, ошон үчүн интервью бере албайт. Чогулткан элдин телефон номерлери бар, баарын ашка чакырдык. Элибизге ыраазычылык билдиребиз»,- деген ал.