Коом

Ош шаарынын кооздугун даңазалагандар сыйланды

Бүгүн, 18-октябрда Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов калаанын кооз көрүнүшүн, өзгөчөлүктөрүн, жашоосун сүрөткө, видеого тартуу менен интернет тармагына жайылтуу аркылуу туризмдин өнүгүшүнө салым кошкондорду сыйлады. Аларга Ош шаарынын мэриясынын Ардак грамотасы жана бренди тапшырылды.
  
Мэр өз сөзүндө туризмдин өнүгүшүнө салым кошуп жаткандары үчүн ыраазычылыгын билдирди.
“Мен баарыңыздарга ыраазычылык билдирем. Бул иш-чараны Ош шаарынын күнүнө карата пландаганбыз. Бирок ошол учурдагы окуяларга байланыштуу өз учурунда ишке ашпай калды. Азыр баары интернет аркылуу маалымат алат. Андыктан сиздер тарткан сүрөт, видеолор, бөлүшкөн маалыматтар ички туризмдин өнүгүшүнө да салым кошууда. Мындан ары да ушул темпте, чыгармачылык аркылуу шаардын өнүгүүсүнө көмөктөшө бериңиздер”, — деп белгиледи мэр.
Аны менен катар чогулгандар шаар тургундарына жана конокторуна шарт түзүү багытында өздөрүнүн сунуштарын мэрге айтышты.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button