Коом
Коргоо министри: “Борбор Азияда аскердик-саясий абал чыңалуу бойдон калууда”
Дүйнөдө жана Борбор Азияда аскердик-саясий абал чыңалуу бойдон калууда. Бул тууралуу Кыргызстандын коргоо министри Бактыбек Бекболотов маалымат жыйынында билдирди.
Анын айтымында, чыңалуу өсүп жатат. Ага Украина менен Россиянын, Армения менен Азербайжандын ортосундагы кырдаал, кыргыз-тажик чек арасындагы абал таасир этүүдө.
Ал жылдын башындагы Казакстандагы окуяларды эске салып, жыл начар башталганын, Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун алкагында Кыргызстан коңшу өлкөгө аскер жөнөткөнүн белгиледи.