Коопсуздук боюнча эксперт Динмухамед Алмамбетов  Тажикстан Ирандын аскерий учкучсуз учактарын сатып алууга арыз бергендигин билдирди.

«Кыргызстандын түштүгүндө Тажикстан менен кагылышуу сөзсүз болот. Муну атайын кызматтын маалыматтары тастыктап турат. Анын үстүнө бул масштабдуу аскердик операциялар мурдагылардан да олуттуураак болот.  Андыктан кырдаалды жөнгө салуу багытында Орусиядан келип жаткан бардык аракеттерди колдоо керек. Ошондой эле Баткен облусуна ЖККУнун аскердик контингентин убактылуу жайгаштыруу боюнча Россия Федерациясына колдоо көрсөтүшүбүз керек. Бул азыр биздин гана кызыкчылыктарыбызды сактоо үчүн зарыл. Болбосо, туура эмес чечимдердин кесепети ого бетер кейиштүү болушу мүмкүн. Тажикстан Ирандын аскерий учкучсуз учактарын сатып алууга арыз берди”, — деген ал.

Ушул эле маалыматты Asia-Plus агенттиги  жазып, 22ге жакын өлкө Иранда жасалган аскерий учкучсуз учактарды сатып алууга расмий билдирме тапшыргандыгын белгилеген.

Агентикттин маалыматында, «үстүбүздөгү жылдын май айында Ирандын IRNA маалымат агенттиги Тажикстанда ирандык Абабил-2 учкучсуз учуучу аппараттарын чыгаруучу ишкана ачылганын кабарлаганы эсибизде. Андан  ачылышка Тажикстандын коргоо министри Шерали Мирзо жана Ирандын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын башчысы Мохаммад Бокири катышканы кабарланган», — деп айтылат.