Коом

Депутаттар Жогорку Кеңештин жаңы регламентин кабыл алышты

Бүгүн, 20-октябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында президенттин каршы пикири менен кайтарылган «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндөгү» мыйзамдын макулдашылган варианты каралып, колдоо тапты.

Жыйында аталган маселе боюнча баяндама жасаган депутат Марлен Маматалиев белгилегендей, Жогорку Кеңештин Регламенти парламент тарабынан Кыргыз Республикасынын Конституциясында каралган ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруунун тартибин жана жоболорун аныктайт.

Эске салсак, Жогорку Кеңештин 8-сентябрдагы жыйынында президенттин каршы пикири менен кайтарылган «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндөгү» мыйзамдын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу боюнча макулдашуу тобу түзүлгөн.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button