Коом

Окуучулар күзгү каникулда он күн эс алышат

Кыргызстанда окуучулардын күзгү каникулу эки күнгө узарды. Бул тууралуу  Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 2022-2023-жылдардын базистик окуу планына ылайык, мектеп окуучуларынын күзгү каникулу 31-октябрдан 6-ноябрга чейин болмок.

«Бирок министрлер кабинети бекиткен 2022-жылга карата өндүрүш планына ылайык, 7 жана 8-ноябрь календарда кызыл даталар болуп саналгандыктан мектеп окуучулары 9-ноябрда мектепке барышат», — деп белгилешти министрликтен.

Эскерте кетсек, Кыргызстанда жыл сайын 7-8-ноябрда Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү белгиленет. Буга байланыштуу быйылкы жылдын ноябрь айында кыргызстандыктар 4 күн катары менен эс алат.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button