Президент Садыр Жапаров бүгүн, 21-октябрда, Нарын облусунда Куланак ГЭСинин курулушуна старт берди. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

Президенттин айтымында, ГЭСтин кубаттуулугу 100 МВт болуп, жылына 450 млн квт/саат электр энергиясы өндүрүлөрү күтүлүүдө.

“Адистердин айтымында, ГЭСтин курулуш жүрүп жаткан маалда жалпысы 800дөн 1000 адамга чейин жумуш орду түзүлөт. Ал эми Куланак ГЭСинин курулушу бүткөрүлүп, толук ишке берилгенден кийин 100гө жакын жумушчу туруктуу иш менен камсыз болот”, — дейт ал.

Жапаров кошумчалагандай, Нарын дарыясынын боюна, Нарын районунун Учкун, Жан-Булак, Эмгек-Талаа, Миң-Булак, Жерге-Тал айыл аймактарынын аймагына курулушу башталган бул долбоордун алкаганда 27 метр бийиктиктеги плотина, дарыянын нугун буруу жана сууну агызуу үчүн гидротехникалык шлюздар, 6,5 километр узундуктагы деривациялык канал, электростанциянын имараты агрегаттары менен, ошондой эле айыл чарба жерлерин сугаруу үчүн суу алуучу түйүн курулат.

“Куланак ГЭСинин курулушу менен райондогу Учкун, Сары-Ой айыл аймактарынын 5081 гектар айдоо аянтын сугат суусу менен камсыздоо жакшырат. Мындан сырткары, 2100 гектар жаңы жер өздөштүрүлөт. Долбоордун жалпы баасы 124 млн АКШ долларын түзүп, анын 88 млн АКШ доллары Орус-Кыргыз өнүктүрүү фонду жана Евразиялык өнүктүрүү банкы сыяктуу каржы институттар тобу тарабынан насыя катары берилери белгиленет”, — деп баса белгиледи өлкө башчы.