Коом

Кочкор районунда 126,6 млн сомго мектеп куруу пландалууда

Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигине караштуу Турак жай-курулуш департаментинин Нарын облустук капиталдык курулуш башкармалыгы мектеп курууга тендер жарыялады.

Мамлекеттик сатып алуулар парталында жарыялангандай, мектепти Кочкор районундагы Кара-Суу айылында куруу пландалууда.

Мектеп 375 окуучулук орунга ылайыкташтырылып курулат. Тендердин суммасы 126 млн 582 миң 708 сомду түзүп, конкурстук табыштамаларды берүүнүн акыркы мөөнөтү 4-ноябрга чейин.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button