Коом

Санариптик өнүктүрүү министрлиги интернеттин үзгүлтүккө учурашынын себебин түшүндүрдү

Кыргызстанда интернет жакшы иштебей жаткан, анын себебин санариптик өнүктүрүү министрлиги интернеттин жарым-жартылай үзгүлтүккө учурашынын себебин түшүндүрдү.

Министрликтен билдиришкендей, магистралдык линиялардын биринде авария болуп, интернет үзгүлтүккө учуроодо.

“Учурда интернет байланышын калыбына келтирүү боюнча жумуштар аткарылууда. Жакын арада интернет толук калыбына келет. Мындан сырткары, резервдик каналдар аркылуу байланыш берилүүдө”, — деп айтылат маалыматта.

“Акнет” интернет-провайдери техникалык көйгөйлөрдөн улам интернеттин ылдамдыгынын төмөндөшүнө же жеткиликсиздигине алып келиши мүмкүн экенин билдирди. Учурда бардык зарыл болгон иштер жүргүзүлүүдө.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button