Саясат

Германиянын президенти Штайнмайер Киевге поезд менен келди

Франк-Вальтер Штайнмайер Украинанын борборуна поезд менен келди. Буга чейин ал эки жолу Украинага барууга аракет кылган, бирок алгач анын сапарына Киев уруксат берген эмес, өткөн аптада коопсуздук үчүн аны полиция токтоткон.

Бул анын Украинага согуштук аракеттер башталгандан берки биринчи сапары.

Бүгүн кечинде Штайнмайер Украинанын президенти Владимир Зеленский менен жолугушат.

Штайнмайер алгач апрель айынын ортосунда Польша, Литва, Латвия жана Эстониянын президенттери менен бирге Киевге барууну пландаган. Бирок украин бийликтери анын сапарын токтоткон.

Алдын ала маалыматтарга карганда, бүгүнкү жолугушууда Германия Украинага аскердик жактан жардам берүүсү мүмкүн экендиги айтылууда.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button