Бүгүн, 26-октябрь саат 11:40 баштап тыгындарды болтурбоо максатында аба ырайы жана климаттык шарттар жакшырганга чейин Төө-Ашуу жана Сосновкада бекетинде жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө убактылуу чектөөлөр киргизилди. Бул тууралуу «Кыргызавтожол» ишканасынан билдиришти.

Эрежеге ылайык, кар жааганда жүк ташуучу унаалар Төө-Ашуудагы жолдун аркы өйүзүнө токтоп, унаалардын жүрүшүнө тоскоолдук жаратат. Ошонун негизинде аларга чектөө киргизилет.

«Кыргызавтожол» мамлекеттик ишканасынын №9 жол тейлөө ишканасы тарабынан Бишкек-Ош унаа жолунда аба-ырайынын шартына байланыштуу жолдорду кардан тазалоо жана инерттик материалдарды себүүиштери жүргүзүлүүдө», — деп айтылат маалыматта.

Буга байланыштуу «Кыргызавтожол» айдоочуларга жайкы дөңгөлөктөрдү кышкы дөңгөлөккө алмаштырууну, дөңгөлөктөрдүн чынжырчаларын жана күрөктөрүн ала жүрүүнү сунуштайт.