Коом

Сасык тумоого каршы эмдөө ноябрь айынын башында башталат

Сасык тумоого каршы эмдөө ноябрь айынын башында башталышы пландалууда. Бул тууралуу Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинен билдиришти.

Эмдөө Орусиянын «Гриппол плюс» вакцинасы менен жүргүзүлөт.

Биринчи кезекте тобокелдик топтор камтылат: медицина кызматкерлери, тез-тез ооруган балдар, өнөкөт оорулары бар адамдар жана 65 жаштан жогоркулар, кош бойлуу аялдар.

Белгилей кетсек, жыл сайын күз-кыш мезгилинде республикада сасык тумоо жана ОРВИ боюнча эпидемиологиялык абал курчуп баратат. Оорунун эпидемиялык өсүшү октябрдан баштап байкалат, ал эми эң жогорку чеги январдын ортосунан февралга чейин болот.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button