Коом

Кыргызстандан Азербайжанга топоздор экспортко жиберилет

Жакынкы арада Кыргызстандан Азербайжанга 100 баш топоз   (15 бука 85 инек)  авиакаттам аркылуу  жөнөтүлөт. Бул тууралуу  Айыл чарба министрлигинин  басма сөз кызматы билдирди.

«Бүгүнкү күндө 100 баш топоз экспортко даяр.  Учурда   авия каттамдар боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат, мындан сырткары топоздорду салып кетүү үчүн  атайын клеткалар даярдалып жатат», – деп билдирди  министрлик.

Белгилей кетсек, 2022-жылдын 15-19-июнь күндөрү Азербайжан Республикасынан Айыл чарба министрлигинин мал чарба бөлүм башчысы Э.Хасанов келип, Ысык-Көл жана Нарын облустарындагы топоз чарбалары менен таанышып, топоз малын өстүрүү боюнча маалыматтарды алып кеткен.

2022-жылдын 22-июлунда Азербайжан Айыл чарба министрлигинен кайрылуу кат келип, анда алардын өлкөсүнүн климаттык, географиялык шарттарында топоз малын өстүрүү үчүн туура жайгаштыруу жана башка маселелер боюнча топоз чарбасы менен иштеп, топоз багуу боюнча тажрыйбасы бар 1 адисти жиберүүнү суранышкан.

2022-жылдын 23-сентябрында топоз чарба боюнча Сактан айыл чарба кооперативинин жетекчиси Карыбеков Бактыбек Карыбекович Азербайжан өлкөсүнө барып, Азербайжан Айыл чарба министрлигинде маселерди жеринде сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, сунуштарын берип келген.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button