Москвада активист Ильгиз Шаменов кармалды. Бул тууралуу ал Фейсбук баракчасына жарыялады.

Анын айтымында, аны менен бир күн мурун кармалган Орозайым Нарматова Бишкекке алынып келинүүдө.

«Орозай Нарматова экөөбүз учуп баратабыз. Бүгүн саат 15.00дө Бишкек аэропортунда болобуз. Көрсө, УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиев Москвага өзү келип, бизди экстрадициялоону суранган экен, биз өзгөчө коркунучтуу кылмышкерлер экенбиз”, — деп жазат активист.

Ал белгилегендей, алар «Ок атуучу куралды колдонуу менен массалык баш аламандык уюштурууга даярдануу» беренеси менен айыпталууда.

Москва шаарында Орозайым Нарматова 26-октябрда кармалганы тууралуу маалымат тарап жатат. Ал «Бүтүн Кыргызстан» партиясынан Жогорку Кеңештин депутаты болуп келип, кайра жогорку билими жөнүндөгү диплом чуусуна байланыштуу мандатынан ажыратылган.

Укук коргоочу Азиза Абдирасулова 27-октябрда кечинде: «Орозайым Нарматова Москвада кармалганын анын жакын курбусу Назира Алибекова жана депутат Адахан Мадумаров ырастады», — деген маалыматты жарыялады.