Коом

Укук коргоо жана аскер кызматкерлери ноябрдан тарта көбөйтүлгөн айлык ала баштайт

Укук коргоо жана аскер кызматкерлери 1-ноябрдан тарта жогорулатылган айлык ала баштайт. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Адылбек Касымалиев Жогорку Кеңештин «Ишеним», «Элдик» фракцияларынын жыйынында билдирген.

Депутат Сүйүнбек Өмүрзаков президенттин жарлыгы боюнча айлык 1-октябрдан тарта көтөрүлүшү керектигин айтып, жарлык эмнеге аткарылбай жатканын сураган.

«Президенттин жарлыгы сөзсүз аткарылып, айлык акысы көбөйөт. Кечиктирилишинин жоопкерчилиги бизде. Кийинки жумадан тарта бизге Финансы министрлигинен документтер келип түшүп, кайра эсептөө жүрөт», — деди Касымалиев.

Эл өкүлү көбөйтүлгөн айлыкты укук коргоо органдары менен аскер кызматкерлери ноябрда албаса тиешелүү органдарга чара көрүлүшү керектигин кошумчалаган.

Буга чейин 1-октябрдан тарта Кыргызстандын аскер кызматчыларына жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерине кызмат өтөө үчүн үстөк пулду жогорулатуу боюнча президенттин жарлыгы чыккан.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button