Коом

Бишкекте көмүрдүн баасы 4 000 сомдон сатыла баштады. Даректери

 Бүгүндөн тарта Бишкекте Кара-Кече көмүрүнүн бир тоннасы 4 000 сомдон сатыла баштады. Бул тууралуу «Кыргыз көмүр» ишканасынын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 4 000 сомдук көмүргө чектөө бар. Тагыраагы, кардар аны 2 тоннадан ашык ала албайт.

Даректери:

Мурманский көчөсү, 126;

Айланма жол — Алматы көчөлөрүнүн кесилиши;

Айланма жол менен Киргизская көчөсүнүн кесилиши;

Достоевский көчөсү, 97к.

«Арзандатылган кара алтынды Бишкек шаарынын тургундары эртең мененки саат 9:00дөн кечке чейин ала алышат», — деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, буга чейин кара алтындын наркы көтөрүлүп бир тоннасы 4 800 сомго чейин сатылып жаткан.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button