Коом

Кытай Баткен облусунун тургундарына $100 миң өлчөмүндө гумжардам берет

Кечээ, 2-ноябрда Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Азизбек Мадмаров Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь менен жолугушту. Бул тууралуу КР ТИМнин маалымат кызматы кабарлады.

Жолугушууда кытай тарап кыргыз-тажик чек арасындагы кагылыштан жабыркаган Баткен облусунун тургундарына 100 миң АКШ доллар өлчөмүндөгү гуманитардык жардамды берүү чечими жөнүндө билдирди.

Тараптар ошондой эле Кытайдын Мамлекеттик кеңешинин мүчөсү, тышкы иштер министри Ван Инин Кыргызстанга болгон сапарынын жыйынтыгы боюнча жетишилген макулдашууларды иш жүзүнө ашыруу маселелерин талкуулашты.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button