Коом
Олег Попиков кызматынан бошотулуп ордуна Шамыралиев келди
Бишкек шаардык мэриясында кадрдык өзгөрүүлөр болду. Олег Попиков вице-мэрлик кызматынан бошотулду. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирди.
Анын ордуна Шамыралиев Жыргалбек Жумадилович келди.
«Жыргалбек Шамыралиев Турак жай-коммуналдык чарба боюнча вице-мэр болуп дайындалды. Ал мэрдин кеңешчиси болгон. Буйрукка шаардын мэри Эмилбек Абдыкадыров кол койду», — деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, Олег Попиков бул кызматка май айында дайындалган. Ал буга чейин 2013-жылдын июнь айында вице-мэр болуп иштеп, 2014-жылы ноябрда кызматынан кеткен. 2021-жылдын июль айынан бери Бишкек шаардык кеңешинин депутаты, “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын мүчөсү.