Коом

Баткен шаарында Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүнө арналган иш-чара өткөрүлдү

Эскерүү иш-чарасына КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Маруфхан Тулаев жана орун басарлары Жаныбек Исаков, Тимур Мадяров баш болгон жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, мекеме ишканалардын жетекчилери, шаар тургундары катышты.
 
Иш-чаранын жүрүшүндө Кыргыз мамлекетинин түптөлөшүнө өмүрүн арнаган, Улуу инсандар Исхак Раззаков, Абдыкадыр Орозбеков, Мурат Салихов, Абсамат Масалиев аталарыбыздын эстеликтерине гүл чамбарлар коюлду.
Эскерүү аземинде тарыхый окуя Улуу Октябрь Социалисттик революциясы, саясий репрессиянын курмандыктары жана 1916-жылдагы улуттук-боштондук көтөрүлүшү сыяктуу тарыхый окуялар эскерилди.
Аземдин соңунда ата бабалардын арбагына багышталып куран окулду.
Белгилей кетсек, 2017-жылы атайын Президенттин жарлыгына ылайык 7-8-ноябрь күндөрү жыл сайын белгиленүүчү “Тарых жана ата-бабаларды эскерүү» күндөрү деп жарыяланган.
КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button