Коом

Кыргызстанда кыздарды папиллома вирусуна каршы эмдөө жүрөт

Кыргызстанда профилактикалык эмдөө календарына ылайык, 2022-жылдын 14-ноябрынан тартып 11 жаштагы кыздарды адамдын папиллома вирусуна каршы эмдөө башталат. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Бүбүжан Арыкбаева билдирди.

Иш-чара жатын моюнчасынын рагына каршы профилактиканын алкагында жүргүзүлөт.

Арыкбаева өспүрүм кыздарды план боюнча эмдөөдө жыл сайын аталган дарттын 600дөн ашык учурун жана 300гө жакын өлүмдү алдын алууга мүмкүн экендигин айткан.

Иммунизация маселелери боюнча адистер 12-14 жаштагы кыздарды дагы эмдөөнү сунуштап жатышат.

«Эмдөө мектептердеги медициналык пунктуларда акысыз өтөт. 2022-2023-окуу жылында 11 жаштагы кыздардан тышкары 12-14 жаштагы кыздар да адамдын папиллома вирусуна каршы эмдөөдөн өтөт. Эмдөө алты айдын ичинде эки этапта жүргүзүлүп, вакцина 0,5 миллилитр дозада сайылат», — деди Арыкбаева.

Кыргызстанда жыл сайын 600гө жакын аял жатын моюнчасынын рагына кабылса, анын 300ү өлүмгө алып келет. Оорунун бул түрү өлкөдөгү ракка чалдыккан аялдардын арасында 2-орунда турат жана 15 жаштан 44 жашка чейинки аялдарда рактын эң көп тараган түрү болуп саналат.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button