Өзбекстандын Мыйзам чыгаруу палатасы (парламенти) Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы эки мыйзам долбоорун жактырды. Бул тууралуу  өзбек парламентинин маалымат кызматы кабарлады.

Мыйзам чыгаруу палатасынын кезексиз жыйынында Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов Өзбекстан менен Кыргызстандын чек ара маселеси боюнча келишими тууралуу кеңири маалымат берген.

Күн тартибиндеги маселелер талкууланган соң, депутаттар Кыргызстандын чек арасын тактоо жана Кемпир-Абад суу сактагычынын суусун биргелешип башкаруу жөнүндө мыйзам долбоорун ратификациядан өткөрдү.

«Бул документтердин кабыл алынышы Өзбекстан менен Кыргызстандын ортосундагы өз ара пайдалуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө, өзбек-кыргыз мамлекеттик чек ара маселеси боюнча комплекстүү чечимдерди кабыл алууга кызмат кылат», — деп айтылат маалыматта.

Эске сала кетсек, аталган документтерге Бишкекте 3-ноябрда Өзбекстандын тышкы иштер министри Владимир Норовдун Кыргызстанга болгон визитинин алкагында кол коюлган.