Кечээ, 15-ноябрда Жалал-Абад облусунда республикалык масштабдагы “Бирге көтөргөн жүк жеңил болот” аталышындагы фестиваль өткөрүлдү. Бул тууралуу президенттин өкүлчүлүгүнөн билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чарага облус аймагынан келген 200дөн ашуун майыптыгы бар жарандар катышып, ыр-бий, спорттун жети түрү боюнча күч сынашты.

Фестивалга КР президентинин Жалал-Абад облусундагы өкүлү Абсаттар Сыргабаев катышып, мамлекет менен коом ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендерди ар тараптан колдоо саясатын мындан ары да арттырарын билдирди.

“Биз ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жактарыбызды туш келген көптөгөн кыйынчылыктарга карабастан, аларды эмгечил, алдыга максат кое билген, өжөр жана кайратман адамдар катары тааныйбыз. Бүгүнкү күндө Жалал-Абад облусунда 42 миң 634 ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарыбыз бар. Алардын ичинен бала кезинен майып балдар 8 миң 274тү түзөт. Жарандарыбыздын жашоосун жакшыртуу жана укуктарын коргоого байланыштуу маселелер ар дайым аткаруу бийлигинин көңүл борборунда. Бул коомубуздун негизин түзгөн асыл наркыбыз”, – деди Сыргабаев.

Республикалык фестиваль “ДМЧ- ЛОВЗ” коомдук фонду тарабынан демилгеленип, облустук бийлик тарабынан уюштурулган. Жеңүүчүлөргө демөөрчүлөр тарабынан акчалай сыйлыктар, диплом жана медалдар тапшырылды. Саамалык мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын кол эмгектери коюлган жарманке менен коштолду.