Коом

Ташиев: Орто-Токой суу сактагычы толугу менен Кыргызстандын карамагына калтырылды

Жогорку Кеңештин бүгүнкү, 17-ноябрдагы жыйынында Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасын тактоо маселеси каралууда.

Тактап айтканда, 2022-жылдын 3-ноябрында кол коюлган Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын айрым тилкелери жөнүндөгү келишимди жана эки өлкөнүн өкмөтү ортосунда Кемпир-Абад суу сактагычынын суу ресурстарын биргелешип башкаруу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоорлору каралууда.

Жыйында министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Орто-Токой суу сактагычы тууралуу айтып кетти.

“Орто-Токой суу сактагычы жайгашкан жер аянты жана компенсация катары алынган жер аянттары толугу менен Кыргызстандын карамагына калтырылып, жазылды. “Орто-Токой өтүп кетти” деген сөздөрдүн баары калп. Өзүбүздө калды, биздин жер, биздин платинабыз”, — дейт ал.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button