Бул туурасында УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев “Регион” телеканалына берген маегинде билдирди.
Анын айтымында, сүйлөшүүлөр жакшы жүрүп, тараптар бир мунасага келип жатышат.

“Тажик тарап менен кайсы бир деңгээлде чечүүгө аракет кыла баштадык. Эгер мурда тирешип эле туруп алсак, азыр бир аз тил табыша баштадык. “Силерге бул нерсе керекпи, макул жардам берели”, “бирок биздин керек нерсебизге силер дагы жардам бергиле” деп сүйлөшүп жатабыз”, — деди Ташиев.

Ошондой эле ал бир аптанын тегерегинде Тажикстандын кеңири курамдагы делегациясы Бишкекке келе турганын маалымдады.