Коом
Прокуратура кызматкерлеринин күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өттү
Кыргыз Республикасынын прокуратура кызматкерлеринин күнүнө карата Башкы прокуратурада салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү.
Салтанаттын жүрүшүндө башкы прокурор Курманкул Зулушев прокуратура органдарынын 2021-жылдын 9 айына карата жетишкендиктери тууралуу маалымат берип, кызматтык милдеттерин артыкчылык менен аткарган кызматкерлерди сыйлады.
Иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, Жогорку Кеңештин депутат Элмурза Сатыбалдиев жана прокуратура органдарынын ардагерлери катышты.
Министрлер кабинетинин төрагасы президент Садыр Жапаровдун куттуктоосун окуп, жалпы прокуратура кызматкерлери майрамы менен куттуктады.