Шаршембиде күндүз Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарында мезгил-мезгили менен жаан жаап, тоолуу аймактарда жаан карга айланышы мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +9…+14, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +11…+16, Ысык-Көл чөлкөмүндө +7…+12, Талас жергесинде +8…+13, ал эми Нарында +3…+8 градус болору айтылды.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +12…+14 жана Ош калаасында +14…+16 градус болот.