Коом

Сузактын Таран-Базар айылында 56,8 млн сомдук мектептин курулушу башталды

Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Курманбек айыл аймагынын Таран-Базар айылында мектеп имаратынын курулушу башталды.

Маалым болгондой, Таран-Базар айылындагы №109 К.Осмоналиев атындагы орто мектебинин курулушуна капсула салынды. Иш-чарага президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев баштаган бийлик өкүлдөрү да катышты.

Эки кабаттуу билим берүү мекемеси 200 орунга ылайыкташкан. Каражат республикалык бюджеттен каржыланып, тендердик наркы 56 млн 862 миң сомго бааланган. Мектептин курулушун 2023-жылдын сентябрь айына бүткөрүү күтүлүүдө.

Аталган айылдагы мектепке болгон муктаждык маселеси өткөн жылы президент Садыр Жапаров менен жергиликтүү тургундардын жолугушуусунда көтөрүлгөн.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button