Коом

Соода-өнөр жай палатасынын президенти Марат Шаршекеев өз арызы менен кызматтан кетти

КР Соода-өнөр жай палатасынын президенти Марат Шаршекеев өз арызы менен кызматтан кетти. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматынан билдирет.

Маалыматка ылайык, ушул жылы 17-ноябрда КР СӨПтүн кеңешинин кезектеги отуруму өтүп, анда учурдагы маселелер жана палатынын президенти Марат Шаршекеевдин өз каалоосу менен ыйгарым укуктарын алып салуу жөнүндө 15-ноябрда жазган арызы каралды.

«Буга байланыштуу кеңештин чечими менен СӨПнүн XI кезексиз съезди 2022-жылы 19-декабрына дайындалды. Анда СӨПнүн жаңы президенти шайланат. Талапкерлер үчүн арыздын формасы жана талаптар www.cci.kg расмий сайтында жеткиликтүү», — деп айтылат маалыматта.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button