Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда Элдик курултайдын экинчи күнү өтүп жатат.

Курултайда президент Садыр Жапаров Ош облусунун Савай айыл өкмөтүнүн делегаты Зайырбек Жоошбековдун жер боюнча коррупциялык иштер тууралуу сөзүнө жооп берди.

“Биз дагы болушунча күрөшүп жатабыз. Жер-жерлердеги коррупциялык иштер бар болсо арызды жаза бергиле, анткени аны жазганда ал сөзсүз сакталып калат. Каттоодон өтүп, калтырып кетсеңиздер акыры бир күнү ал маселе көтөрүлөт. Балким, биздин колубуз жетпей, билбей калган болсок берсеңиздер болот. Бизге жардам гана болот”, — дейт өлкө башчы.

Белгилей кетсек, курултайга президент Садыр Жапаров, өлкөнүн бардык облустарынан жана аймактарынан 1000ден ашуун делегат, ошондой эле Жогорку Кеңештин депутаттары, министрлер кабинетинин мүчөлөрү жана өлкөнүн мамлекеттик органдарынын жетекчилери катышууда.

Иш-чара эки күн — 25-26-ноябрга созулат.