Коом

Бишкекте үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлору бейтаптарды дем алыш күндөрү да кабыл алат

Бишкек шаарындагы үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлору (ҮБД) бейтаптарды иш күндөрү гана эмес, дем алыш күндөрү да кабыл ала турганын мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Мындай чечим балдар арасында курч респиратордук вирустук инфекциялар көбөйүп, Шаардык балдар клиникалык ооруканасы менен Эне жана баланы коргоо улуттук борборундагы орун тартыштыгына байланыштуу кабыл алынды.

Шаардык саламаттыкты сактоо башкармалыгы сасык тумоо жана респиратордук инфекцияларды алдын алуу боюнча иш-чараларды күчөтүү тууралуу буйрук чыгарды.

Иш күндөрү жана ишемби күндөрү клиникалар бейтаптарды 8:00дөн 18:00гө чейин кабыл алат, жекшембиде нөөмөттөгү дарыгерлер 8:00дөн 14:00гө чейин иштейт. Шаардык балдар ооруканасында да дем алыш күндөрү — саат 8:00дөн 20:00гө чейин адистер нөөмөттө болушат.

ҮБД телефон номерлери:

№ 1 — 64-45-42;

№ 2 — 21-03-57;

№ 3 — 32-52-32;

№ 4 — 43-39-07;

№ 5 — 63-51-23;

№ 6 — 57 02 84;

№ 7 — 66-20-44;

№ 8 — 42-69-62;

№ 9 — 21-17-32;

№ 10 — 67-82-74.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button