Коом

Кыргызстандык ишкерлер Германияда дагы үч жыл стажировкадан өтө алышат

Башкаруудагы кадрлардын квалификациясын жогорулатуу боюнча «Fit for Partnership with Germany» программасы 2023-2025-жылдарга чейин узартылды. Ага ылайык, кыргызстандык ишкерлер үч жыл бою Германияда стажировкадан өтө алышат.

Программаны улантуу боюнча биргелешкен декларацияга 30-ноябрда Бишкекте КР Экономика жана коммерция министринин орун басары Канатбек Абдрахманов менен Германиянын Экономика жана климатты коргоо федералдык министрлигинин өкүлү Хайнц Хетмайер кол коюшту. Бул тууралуу Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасынан билдиришти.

Программанын аркасында ата мекендик ишкерлер Германияда стажировкадан өтүүгө жана өндүрүш жана өнөр жайдагы алдыңкы европалык тажрыйбаны өздөштүрүү, ошондой эле Кыргызстанда биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу үчүн уникалдуу мүмкүнчүлүк алышат.

2022-жылдан баштап окууну онлайн жана аралыктан өтүү мүмкүн болуп баштаган. Германияда болуу эки жумага кыскартылып, дагы алты жума катышуучулар немис компаниялары менен бизнес түзүүгө онлайн режиминде даярданышат.

«Fit for Partnership with Germany» программасы аркылуу башкаруучу кадрларды даярдоо боюнча өкмөттөр аралык макулдашууга 2007-жылы кол коюлган. Анын алкагында жыл сайын кыргызстандык ишкерлер Германияда стажировкадан өтүшөт. Долбоор Германиянын Экономика жана климатты коргоо министрлиги тарабынан каржыланат. Каржылык чыгымдардын 90%ын немис тарап көтөрөт.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button