Коом

Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу жогору

Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу жогору. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жаап өткөн жаан-чачын, карга байланыштуу бүгүн, 2-декабрда Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-231-чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы) кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот.

ӨКМден белгилешкендей, унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button