Блогер блокСаясат

Видео. Мурдагы комиссар, азыркы президент…

Бүгүн президент Садыр Жапаровдун туулган күнү болуп, кыргызстандыктар, башка мамлекеттердин өлкө башчылары куттуктап жатат. Эл катары биз да куттуктайбыз. Ден соолукта болуп, мамлекет үчүн ак кызмат кылып, өлкөнү өнүктүргөн президент катары тарыхта калышына чын жүрөктөн тилектешмин.

Туулган күндө эң биринчи ата-энеге ыраазычылык айтылат. Ажобуздун ата-энеси Нургожо ажы менен Кадыйжан эненин жаткан жери жайлуу болсун!

Мен азыр башка нерсени айткым келип турат. Садыр Жапаровдун “Садыр” болуп чыга келишинин артында көптөгөн эмгек, канчалаган кыйынчылыктар жатат. Садыр Жапаровдун президент болгонго чейинки тагдыры коррупция менен күрөшүүгө багытталган. Биринчи жолу ЖКга депутат болгондо да, 2008-жылы Коррупцияга каршы күрөш боюнча Улуттук агенттикте комиссар болуп турганда да негизги багыты коррупцияга каршы болуп турган. Ошол убакта Кыргыз элинин көргөнү КТР болгон.

КТРден “Комиссар эскертет” автордук берүүсү эфирге чыгып турган. Берүүнүн автору белгилүү укукчу журналист Нышанбек Кочкоров эле. Бул берүүнүн артынан Садыр Жапаровдун жылдызы жана баштаган. “Комиссар эскертет” берүүсү 11 жолу эфирге чыгып, аягы Нышанбек Кочкоровдун иштен алынышы менен аяктаган. Автор өзүнүн аты үчүн эмес, комиссар Садыр Жапаровдун аты үчүн, комиссардын эскертүүлөрүнө басым жасаган. Улуттук агенттиктин “Мекенчил”медалынын биринчиси “Адилет”, “Комиссар эскертет!” берүүлөрүнүн автору Нышанбек агайга тапшылган. Жылдызы жанып, эл оозуна алынган Садыр Жапаров экинчи жолу да Жогорку Кеңешке депутат болуп шайланып, Кумтөрдөгү коррупцияга каршы күрөшүүнү улантып, түрмөдө жатып чыкты. Оор тагдыры жакындарынын жоготуу менен коштолду. Түрмөдө жатса да анын командасы тынымсыз Жапаровдун саясатын жүргүзүп турушту. Акыры Садыр Жапаров өлкө башчысы болду. Бүгүн президентибиз Садыр Нургожоевич. Саясий жолун коррупцияга каршы күрөштөн баштаган Садыр Жапаровдун тушунда коррупцияга каршы күрөш канчалык жүрүп жатат? Кечээ комиссар, бүгүн президент болгон Жапаров мамлекет үчүн кандай иштерди жасоодо? Бул суроолордун баарына убакыт жана тарых баасын берет. Күмтөрдү мамлекетке кайтарабыз деген убадасынын үстүнөн чыкты. Башка убадалары да аткарылышын каалайбыз!

Туулган күнүңүз менен, Садыр Нургожоевич.

(Видео 2009-жылы тартылган)

 

P.s. Садыр Жапаров үчүн чын жүрөктөн күйүп, туурасын туура, катасын ката деген жакындары бар. Айланасында мен тааныган жакшы инсандар көп. Алар кызматта эмес. Жакында бизди да Садыр Жапаров мурда маани берип, барып жүргөн жерлерине алып барып келди. Жапаровдун сыртка байкалбаган мыкты сапаттары тууралуу да көп айтышты. Демек биз мамлекетке жасалган жакшылыктардан үмүт кыла беребиз.

 

Автору журналист Азамат Абсаттаров

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button