Коом

Бишкекте ирригациялык тармактарды тазалоо иштери уланууда

 «Бишкек жашыл чарба» муниципалдык ишканасы шаардагы арыктарды тазалоо иштерин улантууда.

Бишкек мэриясынан билдиришкендей, жашылдандыруучулар Анкара көчөсүндө Чолпон-Ата көчөсүнөн баштап Виноградный көчөсүнө чейин, 7-Апрель көчөсүнөн Достоевский көчөсүнө чейин, Горький көчөсүндө Манас проспектинен баштап Абдрахманов көчөсүнө чейин, ошондой эле Манас проспектисинде Чокморов көчөсүнөн Бөкөнбаев көчөсүнө чейин, Абдрахманов көчөсүндө Фрунзе көчөсүнөн Жибек-Жолу проспектине чейин тазалоо иштерин жүргүздү.

Мындан тышкары, жашылдандыруучулар отоо чөптөн жашыл аймактарды тазалап жатышат.

Ирригация тармактарын тазалоо күчөтүлгөн режимиде декабрь айынын аягына чейин уланат.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button