Коом

Баткен ОИИБи жарандарды чек арадан мыйзамсыз өтпөөнү эскертет

Акыркы учурларда Кыргыз Республикасынын кайтарууда турган мамлекеттик чек араны мыйзамсыз бузуп өтүп, чет өлкөгө мыйзамсыз бир нече жолу кирип-чыккан жарандар Баткен ОИИБдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматы тарабынан аныкталып, кылмыш жоопкерчилигине тартылып жатат.
Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүп жүргөн жарандар Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 378-беренесинде (Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү) белгиленгендей кылмыш жоопкерчилигине тартылат. Коңшулаш өлкөлөргө мамлекеттик кайтаруудагы чек араны бузбай, мыйзамдуу жол менен барып келүү керектигин эскертебиз!
Бул боюнча жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен милиция кызматкерлери ар дайым түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Белгилей кетчү нерсе, Баткен ОИИБдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматы тарабынан 2022-жылдын декабрь айына чейин 21 жаран мыйзамсыз чек араны бузуп өткөнү боюнча кармалып, аларга кылмыш иши козголгон.

Баткен ОИИБдин Басма сөз кызматы

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button