Коом

Акыйкатчынын аппараты Жогорку Кеңешке арыз жазышты

Акыйкатчы Атыр Абдрахматова мыкты юрист, башкаруучу болсо, мыйзамдарды түшүнсө мындай кырдаал түзүлбөйт болчу.  Ал жакшы активист, блогер, бирок, жетекчилик сапаты жок экенин көрсөттү. Коллективди коркутуп-үркүтүү менен башкара албасын билсин! – деген укук коргоочулардын өздөрү акыйкат издеп, коллективдин 90 пайызы ЖК төрагасына жана депутаттарга ачык арыз менен кайрылышты. Бул маселе жабылуу бойдон калбай, депутаттар тезинен чара кɵрүш керек.

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Н.Т. Шакиевге

Көчүрмөсү: 90 депутатка (тизме менен)

Урматтуу Нурланбек Тургунбекович,

КР Акыйкатчысы (Омбудсмени) А. Абдрахматова КР Жогорку Кеңешинин депутаттарынын алдында берген Антын жана КР Конституциясынын 109-беренесинин бузгандыгына байланыштуу ээлеген кызмат ордунан бошотуу маселесин тез арада карап чыгууну суранган АРЫЗ менен КР Акыйкатчы Аппаратынын 90% кызматкерлери акыркы үмүтүбүз менен Сизге кайрылып жатабыз.

КР «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Мыйзамын жетекчиликке алып, ушул мыйзамдын Мамлекеттик жарандык кызматчынын жана муниципалдык кызматчынын укуктары жөнүндөгү 13-беренесинин 1, 7, 9, 11, 12 жана 19-пункттарын, Мамлекеттик жарандык кызматчынын жана муниципалдык кызматчынын этикасы жөнүндө 32-беренесинин 3, 4, 5-пункттарын, Мамлекеттик жарандык кызматчыларды жана муниципалдык кызматчыларды материалдык жүйөлөштүрүү жөнүндөгү 21-беренесинин 7-пункттарын, ошондой эле КР Эмгек кодексинин 90, 100, 115-беренелери КР Акыйкатчысы (Омбудсмени)

А.Б. Абдрахматова тарабынан одоно бузулуп келет.

А.Б. Абдрахматова КР Акыйкатчысы (Омбудсмени) кызматына келген сааттан тартып, Аппаратта адам чыдагыс моралдык-психологиялык кырдаал түзүлдү. Биринчи күндөн баштап, эӊ мыкты кызматкерлердин жумуштан бошонуп кетүүлөрү улантылып келүүдө. Мындай абал иштеп жаткан кызматкерлердин түйшүгүн эки-үч эсе көбөйттү, анткени, кызматкерлердин кечкисин саат 18:00дөн кийин түнкү саат 12:00гө чейин, таӊ атканча 6-7 лерге чейин иштөөсү кадимки көрүнүш болуп калды. Акыйкатчы мындай иш графикти  ченемге салынбаган жумуш күнүнө кирет деген гана түшүнүктө иштөө тартибин мыйзамсыз жөнгө салып, туура эмес иш алып барууда. Анын пикиринде, жумуш убактысынын нормалдуу эместиги кызматкерлерди иш убактысынан тышкары да каалаган убакта, качан жана канчада керек болсо иштөөгө мажбурлоого мүмкүндүк берет деп эсептеп келет. Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине ылайык, кызматкерлердин иштөө графиги жумасына 40 сааттык иш убактысынын сакталышын билдирет. Ал эми ченемге салынбаган жумуш күнү зарыл болгон учурда гана колдонулушун Акыйкатчы А. Абдрахматова күнүмдүк 24 сааттык иш күнүнө айлантты, бирок, өзү жумалап иш ордунда болбойт, мындай көрүнүш Акыйкатчынын кызматкерлерге берген Whatsapp жазуулары менен телефон чалуулары тастыктап турат.

Мындан тышкары, дем алыш күндөрү жумушка чыгуу Акыйкатчы Аппаратынын кызматкерлери үчүн кадимки көрүнүш болуп калды, ошол эле учурда мыйзамга каршы ал кызматкерлердин макулдугун эч ким сурабастан ишке тартат, кээ бир учурларда кызматкер үй-бүлөлүк же башка себептер менен макул болбогон учурда, ал автоматтык түрдө кызматкерден түшүнүк кат талап кылат жана териштирбестен тартиптик жазаларды берүүгө алып келет. Кызматкерлер дем алыш күндөрү үчүн иштеген күндөргө көпчүлүк учурда ал күндүн эсебинен эс алуу укугунан пайдалана албайт же мыйзамдарга ылайык эмгек акысын да төлөп бербейт. Акыйкатчы мындай укукту кызматкерлерге берүү мүмкүнчүлүгүнөн да кемитип, өз кызматкерлеринин укуктарын бузууда.

Ушуларга байланыштуу, Аппараттын кызматкерлери бир нече жолу бухгалтерияга жана кадр бөлүмүнө ашыкча иштөө убактысын төлөө боюнча маселени көтөрүшкөн, бирок алардын айтымында, бул эреже Акыйкатчынын оозеки буйруктарына таянуу менен Акыйкатчы институтунун кызматкерлерине тиешелүү эмес экендигин тастыктап келишет. Ошентип, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 10-главасынын «Жумуш убактысы» деген жоболорун, «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Мыйзамдын 13-беренесинин  7-пункттарынын ченемдерин толугу менен этибарга албай, айрым жерлерде одоно мыйзамдарды бузуп келет.

Өз кезегинде, Акыйкатчы А.Абдрахматова кызматка дайындалган учурдан тартып эмгек тартибин жана жалпы иш процессин бузуп, кечки саат 16:00-18:00гө чамаларында жумушка келип, жумуш убактысынын аяктагандыгына карабастан өзүнө ылайык тапшырмаларды, көрсөтмөлөрдү берип, алардын токтоосуз аткарылышын талап кыла баштайт. Эгерде кызматкер анын туура эмес иш-аракеттерине же ишке байланыштуу тапшырмаларга өз позициясын жөн гана билдирсе, ал “субординацияны” сактабагандык деп ар кимден түшүнүк кат талап кылып мыйзамсыз буйруктарды чыгарып келет. Ошол эле учурда туура эмес чыгарылган бир нече буйруктар кайрадан жокко чыгарылган учурлар да аз эмес. КР «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Мыйзамынын 13-беренесинин  1-пунктунда көрсөтүлгөн “жетекчилер, кесиптештер жана жарандар тарабынан анын жеке кадыр-баркын сыйлоого, өзүнө карата адилеттүү жана сый-урматтуу мамилеге татыктуу” –деген ченем мамлекеттик кызматкерлерге тиешелүү экендигин эске албай келет.

А. Абдрахматова кызмат ордуна келген алгачкы күндөрдөн баштап эле жалпы коллективдин ортосунда түшүнбөстүк пайда болгон жана ал жагдай күндөн-күнгө уланып, созулуп келет. Ал өзүнүн кызматкерлеринен эмне талап кылынып жатканын так түшүндүрө албаганынан тышкары, анын талаптары ар бир жолу өзгөрүлүп кызматкерлердин ишин чар жайыттуулукка алып келет.  Акыйкатчыга тиешелүү маанилүү документтер (мисалы, башка өлкөнүн Омбудсмендерине, КР Жогорку Кеңешинин депутаттарына же КР Министрлер Кабинетине жөнөтүлгөн каттар, суроо-талаптар, жооптор жана арыз ээсине жооптор) анын кабинетинде же СЭД программасында жумалап-айлап чыкпаган учурлар көп кездешет, мөөнөтү өтүп кетсе дагы ага көӊүл бурулбайт же маңызына жана мазмунуна тиешеси жок сын-пикирлер жана оңдоолор менен кайра карап чыгууга кайтарылат. Бул тууралуу каттардын жана арыздардын мөөнөттөрүнүн сакталышы жөнүндө тиешелүү органдан текшерүү келген учурда, ал өзүнүн күнөөсү экендигин сезбестен аны кызматкердин күнөөсү экендигин билдирип, ага карата тартиптик жаза колдонот.

Акыйкатчы Аппаратындагы түзүдүк бөлүмдөрүнүн кадрлары бир нече айдан бери жетишсиз. Бош орундарга конкурстан ички резервге кирген жарандарды дагы бош кызмат ордуна албай келет, ошол эле учурда,  бош кызматкерлердин ишин башка кызматкерлер аткарган күндө дагы үстөк акы төлөнбөстөн КР колдонуудагы мыйзамдарын бузуу менен талап кылат. Ошонун негизинде, кызматкерлерге берилген тапшырмалар эки-үч эсеге чейин көптүк кылып келет, бирок ал үчүн же моралдык же материалдык колдоо көрсөтүлбөстөн, кайра куугунтукка кабылат же тапшырманы өз убагында аткарбагандыгы үчүн тартиптик жазаларды алышат. Эмгек акыны төлөөдө көптөгөн кызматкерлер анын чечимине көз каранды, анткени Президенттин Жарлыгынын негизинде ненормировка боюнча чечимди ал жалгыз өзү кабыл алат, жеке жакшы мамиледеги кызматкерлерге 50%, ал эми жеке жаман мамиледеги кызматкерлерге 0 же 05% коюп, коллективди кайраштырууда. Акыйкатчынын тарыхында болуп көрбөгөндөй эсеби жок түшүнүк каттар, териштирүүлөр жана тартипкик чара көрүү боюнча мыйзамсыз буйруктар пайда болду (фактылар бар).

Жарандарды кабыл алуу боюнча ал кызматка келгенде биринчи айында гана пиар жасоо максатында ар бир жаранды кабыл алууну фото-видеого тартып соц тармактарга чыгарып жүрдү ал эми кийинки айлардан баштап таптакыр иш жүргүзүлгөн жок. Акыйкатчынын жеке кабыл алуусуна кирүүгө жазылган жарандар айлап кезекте турушат,  алардын кайталап бир нече жолу келгендигин дагы эсепке албайт (толугу менен фактылар бар). Тескерисинче, социалдык түйүндөрдө ар кандай Акыйкатчынын ыйгарым укуктарына кирбеген билдирүүлөргө жооп берип, ошонун негизинде мыйзамга ылайык келбесе да тапшырмаларды коюп, иш алып барат жана аны өз убактысында жооп бербесеӊер иштен кетүүнү талап кылат. Бул “Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө” КР Мыйзамынын жана “Омбудсмен (Акыйкатчы) жөнүндө” КР Мыйзамынын жоболоруна таптакыр карама-каршы келет.

Мындан тышкары,  Акыйкатчынын наамына жазылган жарандардан келген арыз-даттануулардын бирин дагы карабайт, тек гана өзүнүн орун басарына жана аппарат жетекчисине берүүнү талап кылат (Аппарат жетекчиси жарандардын арыздарын кароого ыйгарым укуктуу эмес) жана өзү бир дагы арыз ээсине кат жөнөтпөйт. Акыйкатчынын мындай башаламан жана ыраатсыз  иш алып баруусу анын КР Жогорку Кеӊешинин депутаттарынын алдында ант берип алган ыйгарым укуктарына таптакыр туура келбейт. Ал аппараттын кызматкерлерин ыкчам иликтөө сыяктуу милиция кызматкерлерине, ошондой эле соттор чыгарган чечимдерге каршы иштөөгө түрткү берет. Көпчүлүк учурларда кесиптештерибиз жумушсуз калуудан коркуп, ачык ой-пикирин айта албай келишет. А. Абдрахматова эӊ биринчиден өз кызматкерлеринин укуктарын коргоонун ордуна, алардын укуктарын тебелеп, өзүнө окшогон пиар жасаган жарандардын жана кээ бир саясатчылардын укуктарын коргоп келет. Буга мисал блуп КР Башкы прокуратуранын текшерүү учурунда кызматкерлерди анын жакын адамдары чогултуп жыйналыш өткөрүп, Акыйкатчыны жактаган протокол түздүрүп мажбурлоо менен кол койдурган.

А.Абдрахматованын кызматтык этиканы бузууга алып келиши, ишти чар жайыт алып барышы жана ашыкча ар бир кызматкерден шектенүү сыяктуу сапаттары аппараттын нормалдуу иштешине чоӊ тоскоол болууда.  Коллективде анын туура эмес жүрүм-туруму, кызматкерлердин саламына алик албоосу, тескерисинче ар бир кызматкерге кыжырдануусу, жүрүм-турумунун күтүүсүз тез өзгөрүшү, күндүзү эмес түнкүсүн иштөөсү кызматкерлерге терс таасирин тийгизүүдө. Коллективдин арасында сыйдан кетип, ал өзүн Акыйкатчы жана жетекчи (лидер) катары мамлекеттик кызматта калыптандыра албагандыгына ачык-айкын мисал болуп төмөнкүлөр, КР Акыйкатчысы (Омбудсмени)

А. Абдрахматованын КР Жогорку Кеңешинин депутаттарынын алдында берген антынын бузулушуна алып келүүдө:

  1. Кызматкерлердин эмгек укуктарынын бузулушу (иштөө режими);
  2. Жетекчи катары этикалык стандарттарды сактабагандыгы;
  3. Кызматтык автоунааны жеке иштерге үзгүлтүксүз пайдалануусу;
  4. Ченемсиз иштелген акыны (ненормировка) негизсиз кыскартуусу;
  5. Эмгек өргүүсүнө, эс алууга укуктардын бузулушу (буйруктар өз убагында чыгарылбайт, кызматкердин эмгек өргүүгө убакты-сааты келип калса да буйрук жок же, акчалай эсеп жок болот);
  6. Кызматкерлерди массалык түрдө бошотуу (30 дан ашык бош орундар б.а. 50% түзөт, 6 айдан баштап орун басардын орду бош ж.б.), (мажбурлап өз каалоосу менен жаздыруусу, жеке жактырбоосу);
  7. Кызматкерлерге моралдык-психологиялык кысым көрсөтүүсү;
  8. Кызматтан алуу боюнча дайыма коркутуулар жана куугунтуктар;
  9. Кызматкерлерге карата аймактык кодулоосу, борбордук аппараттагы жалгыз Таластык кызматкерди мажбурлоо жолу менен эки тепкичке ылдыйлатып Чүй өкүлчүлүгүнө которуусу (фактылар тастыкталат);

10.Кызматкерди анын макулдугусуз, же бөлүм башчынын макулдугусуз бөлүмдөн бөлүмгө которуу же мыйзамсыз иш сапарына жөнөтүү;

  1. Көптөгөн кызматкерлерди кызмат ордунан негизсиз төмөндөтүү;
  2. Үзгүлтүксүз иш сапарында жүрүүсү (бизге белгисиз);
  3. Коллективди эки жаатка бөлүү, (интрига, ушак деген сөздү ар бир сөзүндө колдонот, мурда бизде андай сөз эмес түшүнүк дагы болгон эмес);
  4. Кызматкерлер арасында бирдиктүү байланыштын жана пикирдин жоктугу;
  5. Аппарат жетекчисинин кызматтан бошотулушу Аппараттын кызматкерлеринин арасындагы акылга сыярлык пикирди тастыктайт.
  6. Кызматкерлердин көпчүлүгү психологиялык жана моралдык кысымдан улам медициналык жардамга кайрылууга аргасыз болуулары;
  7. Бөлүмдө кызматкерлердин жетишсиздигинен улам айрым бөлүмдөр толук кандуу иштебей жатышы;
  8. Башаламан, ыраатсыз иштин улануусу;
  9. Тапшырмаларды аткаруунун реалдуу эмес мөөнөттөрүн белгилөөсү жана тартиптик жаза алуусу;
  10. Жеке мамилесинен улам кызматкерлердин ар-намысына жана кадыр-баркына шек келтирүүсү;
  11. Кызматкерлердин кесиптик сапаттарына шек келтирүүсү;
  12. Ыйгарым укуктарынын чегинен тышкары функцияларды аткаруу боюнча тапшырмалардын болушу.

Жогоруда айтылгандарга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) А. Абдрахматова Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын алдында берген Антын жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 109-беренесинин бузгандыгына байланыштуу ээлеген кызмат ордунан бошотуу маселесин тез арада карап чыгууну суранабыз.

Урматтоо менен,

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button