Коом

Баткен шаарындагы окуучуларга атайын жарык чагылдыруучу тасмалар таратылып берилди

“Leasing express” компаниясынын демөөрчүлүгү жана ЖКККББнын жетекчилигинин жардамы менен атайын жарык чагылдыруучу тасмалар Баткен шаарындагы окуучуларга таратылып берилди.

Азыркы учурда таң эрте жана кеч курун караңгы болгондуктан, ошондой эле аба ырайынын кескин өзгөрүүсүнөн улам айдоочулар үчүн тоскоолдуктар жаралып жатканын эске алуу менен мектепке бара жаткан жана мектептен кайткан учурда окуучулар жол кырсыгына кабылбашы үчүн жарык чагылдыруучу атайын каражаттар мектеп окуучуларына таратылып берилди. Бул жарык чагылдыруучу каражаттар окуучулар жолдон өтүү учурунда айдоочуга 50-100 метр аралыкта көрүнөт.

Баткен ОИИБи боюнча ЖКККБнын басма сөз кызматы

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button