Президент катышкан “Мурас” турниринин чейрек финалдык оюндары башталды
Бүгүн, 15-декабрда Бишкекте футбол боюнча “Мурас” достук турниринин чейрек финалдык оюндары башталды.
Иш-чарага мамлекеттик органдардын, парламенттин, сот, укук коргоо органдарынын, элчиликтердин, массалык маалымат каражаттарынын, бизнестин, маданияттын, спорттун, дин кызматкерлеринин жана башка тармактардын өкүлдөрү кирген 16 команда катышкууда.
Күн мурун, 14-декабрда 16 команданын ортосунда чейрек финалга чыгуу мүмкүнчүлүгүн алуу үчүн тайпалык оюндар өттү. Анын жыйынтыгында турнирдин кийинки баскычына 8 команда өттү.
Бүгүн, 15-декабрда «Газпром балдарга» дене тарбия жана ден соолукту чыңдоо спорт комплексинде төмөндөгү командалардын плей-офф баскычындагы беттештери өтүүдө:
— «Президенттин командасы» — «Элчилер»;
— «Спорт Жылдыздары» — «Спорттук федерациялар»;
— «Коопсуздук» — «Ден-Соолук»;
— «Ыйман» — «Достук».
Учурда чейрек финалда “Президенттин командасы” менен “Элчилер” командасы оюн өткөрүүдө.
Эскерте кетсек, Бишкекте 14-15-декабрь күндөрү президент Садыр Жапаровдун катышуусунда салтка айланган «Мурас” достук турнири өтүүдө. Аталган оюн жылына эки жолу: кышында жана жазында өткөрүлүп турат.