Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев Баткен районунун Аксай айыл аймагына барды.

Иш сапардын алкагында облус башчысы аталган айыл аймактагы калыбына келтирүү ишинин жүрүшүнөн кабар алды. Тагыраагы курулушу жүрүп жаткан үйлөрдү көрүп чыкты.

Учурда жеринде калыбына келтирүү иштери кызуу жүрүп жатат. Көпчүлүк үйлөрдүн дубалдары тургузулуп, чатырлары жабылса, айрымдарынын ички жасалгалоо иштери жүрүүдө.

Белгилей кетсек, өлкө башчы Садыр Жапаров Баткен облусундагы жабыр тарткан айылдарды калыбына келтирүү боюнча Жарлыка кол коюу менен бир катар тапшырмаларды берип, акча каражат бөлүп берген.

Жаңы жылга чейин үйлөрдүн бир бөлүгү колдонууга берилип баштайт.

Иш сапардын алкагында ыйгарым укуктуу өкүл чек ара окуясында жабыркаган Ак-Сай айылындагы тоок фермасынан да кабар алды.

Облус башчысы жеке ишкерге тоок фермасын калыбына келтирүүдө жана ишкердикти өнүктүрүүгө мамлекет тарабынан колдоолор болуп жаткандыгын айтты.

Белгилей кетсек, Ак-Сай айылындагы жабыркаган тоок ферманын ээсинин «Айыл Банк» ААК тарабынан алынган 9 миллион 600 миң сом насыясы толугу менен жоюлду. Бул боюнча Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун көзөмөлүнө алынып, кайрадан калыбына келтирүүгө да мамлекет тарабынан кошумча акча каражаты бөлүнүп берилди.

Учурда бөлүнгөн акча каражаты ишкерге берилип, өндүрүштү калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат.

Президенттин Баткен облусундагы

ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы