Коом

Акылбек Жапаров Евробиримдиктин өкүлүнөн виза режимин жеңилдетүүнү суранды

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров КРдагы Европа биримдигинин Өкүлчүлүгүнүн башчысы, Элчи Мэрилин Йосефсон менен жолугушканын минкабдын маалымат кызматы билдирди. 

Жапаров кыргыз тарап климаттын өзгөрүү кесепеттерин жумшартуу контекстинде «жашыл» экономикага трансформациялоонун жана ресурстарды үнөмдөө маанилүүлүгүн түшүнүү менен, аз көмүртектүү циклдүү экономиканын ийгиликтүү моделдерин киргизүү боюнча Евробиримдик менен кызматташууга кызыкдар экенин белгиледи.

Министрлер кабинетинин төрагасы ошондой эле КРнын жарандары үчүн виза режимин жеңилдетүү жана ЕБ өлкөлөрүндө ишке орношуу маселелерине токтолду.

Европа биримдигинин Өкүлчүлүгүнүн башчысы, Элчи Мэрилин Йосефсон өз кезегинде эки тараптуу кызматташтыкты бекемдөөгө жана мындан ары өнүктүрүүгө даярдыгын билдирди. Ал жашыл экономиканы жана санариптештирүүнү өнүктүрүүгө багытталган демилгелерди ишке ашырууга кызыкдар экендигин белгиледи.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button