Коом

Ноокатта жер семирткич өндүргөн заводдун курулушу башталды

Ноокат районунда жер семирткичтерди өндүрүү боюнча завод куруу долбоорунун алгачкы этабына старт берилди. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, долбоор КР президентинин айыл чарба жерлеринин жана айыл чарба продукциясынын сапатын жакшыртуу боюнча тапшырмасына ылайык, өкүл Зиядин Жамалдиновдун органикалык жер семирткичке өтүү боюнча аракетинин алкагында ишке ашырылууда.

«Завод кытай инвесторлору менен биргеликте курулмакчы. Ага Ноокат районунун Т. Кулатов айыл өкмөтүнөн 100 гектар жер аянты каралып, учурда алгачкы жумуштарды баштоо үчүн 12 га жер бөлүнүп берилди. Долбоордун жалпы баасы 200 млн долларды, ал эми заводдун жылдык кубаттуулугу 300 миң тоннаны түзөт», — деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, аталган долбоор аркылуу дыйкандарга бир топ жеңилдик болуп, өз убагында айыл чарба жерлерин азыктандырып, түшүмдүүлүк жогорулайт. Ошондой эле 1000 адам жаңы жумуш менен камсыз болот.

Долбоорго старт берүү иш-чарасы онлайн форматта өтүп, ага министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, президенттин облустагы өкүлүнүн биринчи орун басары Данияр Жаныкулов, Ноокат районунун акими Данир Иманалиев, кытай инвесторлору жана жергиликтүү тургундар катышты.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button