Коом

Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн шахмат боюнча Кубогу өткөрүлүүдө

Бүгүн, 17-декабрь күнү Баткен шаарындагы А.Имаров атындагы орто мектептин спорттук залында КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн шахмат боюнча Кубогу өткөрүлүүдө.
Иш-чарага облус башчысы Абдикарим Алимбаев жана КР ЖК депутаты Нурлан Ражабалиев катышып, расмий түрдө ачып беришти.
   
Ыйгарым укуктуу өкүл өз сөзүндө акылдын гимнастикасы болгон спорттун бул түрү боюнча мелдеш, мындан ары ар дайым салтка айланып өткөрүлөөрүн айтып, спортчуларга ийгилик каалады.
Спорттук мелдешке, облус башчысы менен эл өкүлү да катышып күч сынашты.
Баткен облусунун аймагында жашаган 16 жаштан жогорку жаштагы жарандардын катышуусунда өтүп жаткан мелдешке жалпысынан 100дөн ашык оюнчу катышууда.
Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button